Коом

ЖМК боюнча жаңы долбоордо милдеттүү түрдө каттоо талабы алынып, толуктоолор киргизилди

28-июнда Бишкекте “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы талкууланып жатат. Бул иш-чарага жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрү, журналисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бир катар өлкөлөрдүн элчиликтеринин кызматкерлери катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө быйыл 13-мартта түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун алтынчы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди. Жаңы редакцияда онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Жаңы редакцияда маалымат каражаттарынын жоопкерчиликтен бошотуунун жагдайлары такталган. Ага ылайык, маалымат расмий булактан алынса, коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдырууда жоопкерчиликтен бошотулары көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп берүүгө, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын-ала эскертиши зарыл.

Бул мыйзам долбоор эми коомдук талкуудан өтүшү керек жана ал президент же Министрлер кабинетинин атынан сунушталышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button