Коом

Бишкектеги башкы жолдор качан жасалып бүтөрү айтылды

Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү жол оңдоо иштери качан бүтөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, мөөнөттөр тендер жарыяланганда белгиленген.

Төмөндө жол оңдоо иштеринин бүтө турган убактылары:

Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү 20-августка карата бүтөт;

Абдрахманов (Совет) көчөсүнүн Токомбаевден Жибек Жолуна чейинки бөлүгүн оңдоо иши 20-августка барат;

Чүй проспектисинин Манастан Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү 20-сентябрда бүтүшү керек. Бул жолду оңдоо иштери 18-июлда башталат;

Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейинки бөлүгү 10-15-октябрга чейин жасалмакчы. Мэрия бул жолдун туурасы кенен экенин эскертип, аба ырайы да эске алынганын айтты;

Юнусалиев көчөсү Сухэ Батордон Горькийге чейин жабылды. Качан оңдолуп бүтөрү белгисиз.

Горький көчөсүн Манас проспектисинен 7-Апрелге чейин жасоо да пландалууда. Мэрия мөөнөт белгиленгени менен иш графиктен алдыда жүрүп жатканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button