Окуялар

Өрнөктөгү жол кырсыкта каза болгондор Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды

Ысык-Көлдүн Өрнөгүндөгү жол кырсыгынан каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды .

Каргаша кечээ Өрнөк айылынын тушунда болгон. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн. 

Облустук милиция билдиргендей, чыгыштан батышты көздөй баратып кайрылып жаткан Toyota Avensis унаасын артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 сүзүп алган. Экинчи машинаны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бараткан. 

Каза болгон жубайлардын жанында 9 жаштагы небереси да болгон. Тилекке каршы, ал да көз жумган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button