Бишкекте ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды сатып жүргөн жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “Кара куурай” операциясы учурунда Бишкекте синтетикалык баңгизатты таратуу менен алектенип жүргөн жаран 2002-жылы туулган Б.Л.ны кармашты.
Синтетикалык баңгизатты ташыган курьер “Телеграм” каналы аркылуу куратор делген адамдан буйрутма алып, аларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында “кыстармаларда” таратуу менен алектенген.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери синтетикалык баңгизаттардын мурунку кыстармаларынын жайгашкан жерлерин аныкташкан. Мындай 10 кыстармалар табылган. Кыстармаларда жашыл, көк, сары түстөгү пакеттерге оролгон кристалл түрүндөгү Альфа-PVPге окшош өзгөчө жыты бар зат жана экстази болгон.

Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 1кг 240 граммды түзгөн.
Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран 2002-жылы туулган Б.Л. убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда “Tелеграм” мессенджери аркылуу жаштарды ишке тартып, мыйзамсыз иш менен камсыз кылып жаткан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



