Коом

Футболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камакка алынды

Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» боюнча айыпталып жатканын бизге өздүк булактар билдирди. Ал №1 тергөө абагында. 

Буга чейин «Мурас Юнайтед» клубу Бишкекке машыгууга келгенде чыр-чатак болуп, анда Украинадан легионер болуп келген Евгений Терзи жаракат алып, жаагы сынганы айтылган. 

Окуядан кийин Кыргыз футбол союзу чырды баштады деген оюнчу Мирбек Ахматалиевди футбол ишмердүүлүгүнөн 5 жылга четтеткен. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button