Шашылыш билдирүү! Эртеңден баштап аба ырайы кескин өзгөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-сентябрында Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз 9…14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 13…18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз 5…10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 3…8° ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.



