Коом

2024-жылы сел 22 адамдын өмүрүн алды

2024-жыл ичинде болгон суу ташкындары 22 адамдын өмүрүн алды, ал эми материалдык чыгым 1 миллиард 255 сомдон ашты. Бул тууралуу «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.

Айтымында, жыл башынан бери 331 жолу сел болуп, 3 миң 752 турак жайды, 84 социалдык объектини, 411 чакырым жолду жана 29 чакырым каналды жабыркаткан. 99 турак жай авариялык абалга кептелген.

Селде 88 баш ири мүйүздүү мал, 174 кой, 9 жылкы, 678 үй канаттуулары кырылган. 126 автоунаа жабыркаган. Жалпы чыгым 1 миллиард 255 миллион сом деп эсептелген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button