Коом

Кыргызстанда ОРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар көбөйүүдө

Өлкөдө сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандардын саны көбөйүп баштаганы байкалып жатканын педиатр Бактыгүл Кылычбекова Биринчи радионун эфиринде айтып берди.

Ал жарандарды оору белгилери пайда болоору менен дарыгерге кайрылууга, өз алдынча дарыланууга аракеттенбөөгө чакырды. Анткени туура эмес дарылануу иммундук системага терс таасирин берет.

«ОРВИнин квалификациясында 200дөн ашуун оору бар жана вирустук инфекцияны атайын дарыоосу жок. Ошондуктан аларды ОРВИ деп жалпы атап коюшат. Анын баары белгилери боюнча окшош. Учук гана чыгып токтогон учурлар да болот. Ар организмдин реакциясы ар башка, көп нерсе иммундук системадан көз каранды. Атайын дарылоо болбогондуктан, универсалдуу дары жоктугун көбү түшүнөт. Ошондуктан иммунитетти чыңдап, көп суу ичип, физикалык жактан активдүү болуп, туура тамактанып, өз убагында уктоо маанилүү», — деди дарыгер.

Айтымында, айрым оорулар пневмонияга алып келиши мүмкүн. Мурда жөтөлдү үч күн ичинде дарылабаса бронхитке же пневмонияга айланып кететиши мүмкүн деп эсептелчү. Азыркы учурда дагы бул эреже сакталууда, анткени айрым вирустар дароо пневмонияга өткөрүп жибериши мүмкүн. Эгерде көңүл бурбай, туура эмес дарыланса, пневмонияны чакырбаган инфекциялар дагы анын өнүгүшүнө өбөлгө болуп калышы ыктымал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button