Коом

Парламенттин социалдык саясат боюнча комитети оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзамды колдоо тапты

Мындай чара дарыгерлердин башка жумушка алаксыбай, клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыкдар болбошу үчүн кабыл алынууда. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары учурда оорукана жетекчилеринин айлыгы орточо эсеп менен 20-25 миң сом экенин билдирди. Депутат Элдар Абакировдун айтымында, бул чоң көйгөй. 

“20-25 миңге нормалдуу адис иштебейт. Мыйзам туура эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу бул жаман нерсе. Алар деле мүмкүн бейтаптарды байкап туруп өзүнүн клиникасына буруп кетет. Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыгын жакшыраак кылып көтөрүп туруп ушул мыйзамды киргизсек жакшы иштейт деп ойлойм. Болбосо азыр кесипкөй адистин баары кетип калат же чоң коррупция болот”, — деди эл өкүлү.

Кыргызстанда жалпысынын 193 мамлекеттик оорукана бар. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button