Көкүлов маморгандарга кайрылды: Депутат болуп турсам да укугумду коргоп бере албадыңар…

Депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин комитетинде интернетте жана ММКларда жалган жалаа жана такталбаган маалыматтарды тараткан тараптарга айыппул чегерүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан маалда: «Аны аныктай турган техникалык мүмкүнчүлүк бизде барбы?»-деген суроо узатты.
Белгилей кетсек, мыйзам долбооруна ылайык жалган жалаа жана такталбаган маалыматтарды интернет айдыңына тараткан жана ММКларга жарыялагандар юридикалык тараптар — 200 миң сом, жеке адамдар — 100 миң сом айыпка жыгылат.
«Менин соцтармактагы баракчаларым күнүнө беш жолу бузуп кирүү аракетине дуушар болот. Мисалы Инстаграмдагы паролду суткасына үч жолу өзгөртөм. А кокус бузуп киришсечи? Азырынча мени Фейсбук сактап жатат, билдирүү келет. Мен аны тастыктабайм, бирок бузуп кирүүчүлөр менин операторум менен сүлөшүп алып, мындай билдирүүлөр келгенде мен окубай калышым мүмкүн да, ошол оператордун колуна түшөт. Болду, аккаунтту бузуп киришкен болот», — деди Көкүлов.
«Ооба, соцтармактарды көзөмөлдөш керек, ага кошулам, бирок сиздер аны жасай албайсыздар, болбосо мындай мыйзам долбоор менен келбейт элеңер. Мен тууралуу бир газета 35 батири, 65 машинасы бар деп жазды. Мен авторду таап, сүйлөштүм. Сиздердин бириңиздер да эч нерсе кыла албадыңыздар, депутат болуп турсам да укугумду коргогон жоксуздар, анан жөнөкөй адам тууралуу эмнени айта алабыз? Ошондуктан мен мыйзам долбооруна каршымын», — деди депутат.



