Коом
Улуттук банк эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалыматты четке какты

Башкы банк буга чейин “ак” доллар (1996-2006-жылдары чыгарылган доллар эл арасында ушундай аталат) колдонуудан чыгарылып, коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлар ал валютаны кабыл албайт деген маалымат тараганын билдирди.
Улуттук банктын башка өлкөлөрдүн валюталарын, анын ичинде АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укугу жок. Ошондой эле банктар жана акча алмаштыруучу жайлар төлөм каражаты статусун жогото элек валютанын наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай баа белгилей албайт



