Коом
Нарындагы асма көпүрө оңдоодон өттү

11-жылдан кийин Матен Сыдыков чөлкөмүн шаардын борбордук аймагы менен байланыштырган Нарын дарыясындагы асма көпүрөнүн экинчиси жергиликтүү бюджеттин эсебинен 308 миң сомго оңдолду. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти.“Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган долбоор менен Нарын шаарынын мэри Тутуев таанышты.
Долбоорго ылайык көпүрө коопсуздандырылып, бекемделип, тактайлары толугу менен алмаштырылып, сырдалып, жарыктандырылды.



