Коом

«Притон» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

12-13-декабрь күндөрү, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Притон»аттуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүлдү.

Анда мончо,мейманкана сыяктуу 60 жайлар текшерилип, интимдик кызмат көрсөткөн 50 гө жакын кыздар аныкталган. Алар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, тиешелүү тергөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынды, Бишкек шаарынын ИИБнин атайын кабыл алуу жайына  7 адам жеткирилди , ошондой эле притон кармоонун 1 фактысы аныкталып, Биринчи май районунун ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 1982-жылы туулган А.А. ээсине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү )боюнча кылмыш иши козголду жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин  негизинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан ар кандай фактылар боюнча 30дан ашык кылмыштын бети ачылган.

Рейддик иш- чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button