Депутаттар президенттен эки министрдин иштен алынган орун басарларын кайтарууну суранышты

Айыл чарба министринин орун басары Алмаз Сокеев менен билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу өткөн жумада президенттик администрациянын коллегиясында иштен алынган.
ЖКда депутат Балбак Түлөбаев мындай чечимге түшүнбөй калганын айтты.
«Алмаз Сокеев жакшы иштеп жаткан. Эмне себептен мындай болгонун билбейм. Өкмөттүн кадр саясатына кийлигише албайм, бирок депутат катары айтып жатам. Минкаб иштен алчуларды албай, албай тургандарды бошотосуңар. Ушуга таң калам», — деди эл өкүлү.
Анын сөзүнө парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кошулуп, аткаруу бийлиги ушундай учурларда терең анализ кылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Камила Талиева да бул сөздү коштоду.
Ал эми Надира Нарматова Расул Абазбек уулу Билим берүү министрлигин алдыга тарткан, бардык тармакта бирден бир универсал адис экенин айтып, аны кызматына калтырууну суранды.



