Окуялар

Бишкекте адам тоноого шектүү жарандар кармалды

Бул тууралуу Бишкек шаардык Ленин райондук РИИБден билдиришти.
2025-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБге С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда чала тааныш «У» жана «А» аттуу адамдарга чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, 2025-жылдын 10-апрель күнү саат 23:00-14:00 чейин чейин бул адамдар аны Чортеков көчөсүндө жайгашкан авто тейлөө жайларынын биринде мыйзамсыз кармап , аны ден соолугуна зыянын тийгизүү менен коркутуп, «МБанк» системасы аркылуу 23 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын электрондук капчыкка которууга мажбурлашкан. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1999-жылы туулган Ч.А. жана 1998-жылы туулган О.У. аттуу жарандар Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайк, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда, — деп айтылат Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button