Окуялар

Бишкекте 38 жаштагы келин чогуу жашаган эркек киши тарабынан аеосуз сабалганы айтылды

Окуя 8-мартка караган түнү болгон. К.У. аттуу жабырлануучу милицияга алгач жазган арызын кишинин туугандарынын басымы менен артка кайтарып алган. Эми кайрадан арыз жазып, укугун коргоого даяр экенин билдирген. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маалымат соцтармакка тараган соң келин менен жолуккан. Ал азыркыга чейин дарыланып жатканын, жакында дагы операция болорун айткан. 

Жабырлануучу жарандык күйөөсү менен чырдашып, мыкаачылык менен сабалганын белгилеген. 

“Үйдө эки күн жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым (7, 9 жашта) ошол күнү таенесиникинде  болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди”, — деген келин.

Дарыгерлер жабырлануучунун мээси чайкалып, мурду, тиши жана бетинин сол жагындагы сөөгү үч жерден сынганын аныкташкан. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.

К.У. эки айдан бери иштей албай дарыланып келет. Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, укуктарын коргоого жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button