Александровка айылында массалык мушташ катталды

Чүй облустук милициясы Александровка айылындагы массалык мушташ боюнча кылмыш ишин козгоду.
Чүй ОИИББ билдирүүсүндө, окуяга катышкандар кармалды. 5-сентябрда саат 23:17 чамасында Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Александровка айылында жаштар мушташ уюштурганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Билдирүү катталып, окуя болгон жерге Москва РИИБдин жетекчилиги, милиция кызматкерлери барып, текшерүү иштерин баштаган. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, чыр 1-сентябрда үйлөнүү тойдо башталган.
Бул чыр 5-сентябрда массалык мушташка айланган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Милицияга 21 адам жеткирилип, суракка алынды, алардын арасында жабыркагандар жана күбөлөр бар. Жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Учурда кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Х.К., Ю.Ф., Л.Т., Д.А., 2006-жылы туулган Д.А. жана 2004-жылы туулган Я.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.




