Коом
Видео: Кыргызстан менен Шри-Ланка футболчуларынын беттешине Жапаров менен Ташиев барды

Садыр Жапаров 9-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Шри-Ланканын футбол боюнча курама командаларынын ортосундагы беттешке барды. Оюн 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна (U-23) тандоонун алкагында өттү.


Кыргызстан курамасы Шри-Ланка курамасын 6:0 эсебинде жеңди. Буга чейин биздин футболчулар «E» тайпасында Палестинаны 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең ойношкон. Ошентип Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна жолдомо алды.


Булак: Баракелде маалымат агентиги



