Даараткандан эркек кишинин сөөгү табылды

12-сентябрда, адам өлтүрүүгө шектүү кармалды деп билдиришти Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери. Тергөөдөгү маалымат боюнча, 12-июнга караган түнү Бишкекте Лебединовка айылында жергиликтүү тургундун үйүндө эки эркек киши спирт ичимдиктерин ичишкен.

Эртең мененки саат алты жарымдар чамасында алардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Жыйынтыгында конок моюн жана көкүрөк тушка бычактан жаракат алып, ошол жерде каза болгон. Кылмышты жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн үйдүн короосундагы даараткананын чуңкуруна ыргытып жиберишкен.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан 2008-жылы туулган Т.Т. аттуу шектүү кармалып, камакка алынды. Өлтүрүлгөн адамдын сөөгү чириген абалда, күч колдонулган белгилер менен табылган.



