Өзүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкеримин деп элди алдаган кылмышка шектүү жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Милиция кибер алдамчылык тармагындагы кылмыштарды аныктап, бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.
2025-жылдын 27-28-август күндөрү белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 1958-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды алдап, жалпы 600 000 сом акчасын мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.З. аттуу жаран аныкталып кармалган. Шектүүнүн жанынан Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылып, алынган.

Аныкталгандай, кармалган жаран кылмыштуу схемада «активатор» ролун аткарган. Анын милдетине SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттоо, активдештирүү жана номерлерди WhatsApp мессенжерине байлоо менен кийинчерээк үчүнчү жактарга сатуу кирген.
Соттун чечими менен шектүү жаранга карата камакка алуу баш коргоо чарасы талдалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.\



