Коом
Шайлоо-2025: Талапкерлердин саны 198ге жетти

КР Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 200гө жетип калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-октябрда төрт талапкер шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган.
Алар:
Каюмов Зулкайнар Каюмович №24 (Бишкек шаары) – “Каюм Ата Строй” ААКсынын директору
Амиралиев Шабданбек Камалидинович №4 (Ноокат шаары) – жеке ишкер
Маратов Арсен Маратович №20 (Лебединовка айылы) – жеке ишкер
Жээнбаева Гулуипа Арстанбековна №7 (Кара-Суу шаары) – медициналык клиниканын директору
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.



