Коом
17-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 17-октябрда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында күн ачык болору күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Региондор боюнча абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
Чүй облусу: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +20…+25°
Талас облусу: түнкүсүн -3…-8°, күндүз +14…+19°
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +22…+27°
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +16…+21°
Нарын облусу: түнкүсүн -2…+3°, күндүз +16…+21°
Бишкек шаарында түнкүсүн +3…+5°, күндүз +22…+24° жылуу болору күтүлөт.



