Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 5 жылга эркинен ажыратылды

70 жаштагы Николя Саркози Ливиядагы каржылык иш боюнча 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттарында жарыяланып жатат.
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Париждеги Санте түрмөсүнө келди, ал бүгүн 5 жылдык жаза мөөнөтүн өтөй баштайт. Мурдагы мамлекет башчыны жубайы коштоп жүрөт.
Эске сала кетсек, сентябрда 70 жаштагы Саркози 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын Ливия каржылаган деген айып менен абакка кесилген.
Түрмөнүн директору Себастьян Ковелдин айтымында, Саркози өз камерасында жалгыз кармалат. Ага күнүнө эки жолу сейилдөө жана эс алуу борборуна барууга уруксат берилет, бирок ар дайым башка адамдар менен байланышпастан. Бул Саркозинин өзүнүн коопсуздугу үчүн.
Түрмөнүн директору бул өзүнчө эле окуя эмес экенин жана бул режим башка жүздөгөн туткундар үчүн иштеп жатканын белгиледи.



