Коом

Шайлоо: Талапкерлердин саны 437ге жетти

23-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 437ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Боршайкомдун маалыматына караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2 492 шайлоо тилкеси ачылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button