Коом

Кыргыз-кытай чек арасына 4 баллдык жер титирөө катталды

Бүгүн, 24-ноябрда саат 08:44 чамасында кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде 4 баллдык жер титирөө болуп өттү.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында (Какшаал-Тоо кырка тоосу), Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 75 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 122 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Бедел айылында болжол менен 2,5 баллды түзгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button