Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек — Ош автожолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсү бүгүн саат 12:50дөн тартып «Сосновка» посту тараптан чектелди. Аталган тилкеде №9 -жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барып, жолду кардан тазалоо жана инерттүү материалдар менен муздан арылтуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, каршы тилкеге чыкпоого жана кышкы шартка ылайык дөңгөлөк алмаштырууну өз учурунда жүргүзүүгө чакырды. Бул чаралар татаал аба ырайында кырсыктардын алдын алуу үчүн зарыл экени белгиленди.
Оор жүк ташыган унаалар үчүн кыймылдын кайрадан ачылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.



