Коом

Президент: МИК келечекте айыл жергесинде да турак жай курууну баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компания келечекте айыл жергесинде да турак жай курууну баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, учурда негизги курулуш иштери Ош жана Бишкек шаарларында жүргүзүлүүдө. Андан соң 33 кичи шаарда жана райондук борборлордо турак жайлар салынып, кийинки этапта айыл аймактарында курулуш башталат.

«Айыл жергесинде аймактын сейсмикалык өзгөчөлүгүнө жараша 3–5 кабаттуу үйлөр курулат. Курулуш иштерин 2030-жылга чейин баштоону пландап жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Back to top button