Коом
Мухтар Шербаев Ат-Башы районунун акими болуп дайындалды

Мухтар Шербаев Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы Нарын облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушкан. Камчыбек Ташиев аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдон дайындоонун эмне себептен узакка созулуп кеткенин түшүндүрүп берүүнү талап кылып, район толук кандуу башкаруусуз калбашы керектигин белгилеген.
Облустук администрациянын маалыматына ылайык, 21-январда мурдагы аким Эмилбек Абдыкалыков башка ишке которулушуна байланыштуу кызматынан бошотулган. Ошондон бери район жетекчисиз калган.
Мухтар Шербаев буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.



