Окуялар

Суусамырда малчыны койлору жана аты менен кар көчкү басып калды

Күн мурун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кырсык тууралуу Кызыл-Ой айылынын башчысы Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө билдирген.

Бүгүн, 13-февралда түнкү саат 03:00дөн тарта жалпы 24 куткаруучу көчкү басып калган жаранды издөө иштерине жөнөтүлдү.

Издеп-куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button