Коом

Спорт ордосуна бассейн куруу пландалууда

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында маалым болду.

Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды.

Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал тиешелүү кызматтарга долбоордун концепциясын ыкчам иштеп чыгуу, алдын ала долбоорду даярдоону тездетүү тапшырмасын берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button