Коом

12-мартта борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат

Бишкек мэриясы 12-мартта борбор калаанын айрым райондорунда саат 09:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотуларын билдирди.

Бул убакыт аралыгында турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде суу болбойт.

Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы. Ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач» жана «Полицейский городок» конуштары да камтылат.

Суунун өчүрүлүшү «Бишкекводоканал» ишканасы тарабынан «Контррезервуарлар» суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.

«Бишкекводоканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button