№27 абакта соттолгондордун укуктары бузулгандыгы аныкталды

26-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Абак ашыкча толуп, ар бир адамга белгиленген аянт нормасы сакталган эмес. Учурда абакта 1 102 жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө.
Абактагы бир жаранга турак жайдан эки чарчы метр туура келиши керек эле. Бирок №27 мекемеде бир соттолгонго орточо 1,6 чарчы метр туура келет.
Акыйкатчы институтунан белгилешкендей, аталган мекеме 2023-жылга чейин 750 соттолгонго гана ылайыкташылган. Ал эми быйыл абактагы орундар 2000ге чейин көбөйүп, бирок кошумча имараттар курулган эмес.
Мыйзам талаптарына ылайык, колониянын сыйымдуулугу турак жай аянтына жараша аныкталышы керек.
Акыйкатчы институту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына №27 мекеменин аянтын мыйзам талабына ылайык кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, сунуш жөнөттү.



