Коом

Төрага: Мурда спикерлер сапарларга өздөрүнө жакын беш-алты адамды кошо алып кетишчү

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттардын чет өлкөгө болгон сапарларын адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылаарын билдирди. Бул тууралуу ал жыйында айтты.

Анын айтымында, мурда спикерлер сапарларга өздөрүнө жакын беш-алты адамды кошо алып кетишчү.

«Мындай ыкма эми болбойт. Ар кайсы өлкөлөр менен достук боюнча депутаттык топтор тиешелүү багыттар боюнча өз талапкерлерин өздөрү сунушташат. Ушундай жол менен биз чет өлкөгө сапарлардын ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылабыз», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button