Касымалиев: Акыркы беш жылда Кыргызстанда 27 кичи ГЭС ишке киргизилди

Кыргызстанда акыркы 5 жылдын ичинде жалпы кубаттуулугу 110 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке киргизилди. Бул тууралуу vинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйынында билдирди.
Минкаб жетекчиси белгилегендей, жалпы кубаттуулугу 6 050 МВт жана инвестициясы 4,7 млрд АКШ долларын түзгөн күн жана шамал станциялары боюнча келишимдер түзүлгөн.
«Кыргызстан ушул багытта инвестицияларга ачык жана конструктивдүү диалогго, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр», — деди Адылбек Касымалиев.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Адылбек Касымалиев уюмдун алкагындагы тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтуу, санариптештирүү жаатында кызматташууну күчөтүү, уюмдун мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди аткаруу үчүн адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты.
Ал ошондой эле тыгыз маданий-гуманитардык кызматташуу аймактык стабилдүүлүктүн маанилүү шарты экендигине бекем ишенимин билдирип, уюмга мүчө мамлекеттерди ушул жылдын 1-6-сентябрында Кыргыз Республикасында өтө турган алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.



