Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун 25 чакырымы 1-майга чейин оңдолуп бүтөт

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун реконструкциясы уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун алгачкы 25 чакырымы 1-майга чейин оңдолуп бүтөт. Учурда бул тилкедеги иштер акыркы баскычка өттү жана жол 1-майда унаа кыймылы үчүн ачылат.
0дөн 25-чакырымга чейинки аралыкта асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Азыр адистер объектти пайдаланууга берүү үчүн жол инфраструктурасын жабдууну бүтүрүп жатышат.
Мындан тышкары, жол белгилери орнотулуп, жол жээгин бекемдөө үчүн темир торлор коюлду. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Эскерте кетсек, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт.



