Коом

Кытай менен чек ара убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек ара тилкесинде өткөрмө пункттардын ишине убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чектөөлөр Кытайда Эмгек майрамын белгилөөгө байланыштуу.

30-апрелден тарта:
«Иркештам-автожол» өткөрмө пункту саат 22:00дөн баштап жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот;
«Торугарт-автожол» өткөрмө пункту саат 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча) жабылат.

Бул пункттар 2-май күнү саат 08:00дө кайра ишин улантат.

Мындан тышкары, «Бедель-автожол» өткөрмө пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болуп, 6-май күнү саат 08:00дө ачылат.

Көрсөтүлгөн мезгилде чек арачылар бул тилкелер аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүшпөйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button