Улуттук гвардиянын кол башчы кызматына Данияр Исаков дайындалды

Коргоо министринин буйругу менен полковник Исаков Данияр Учкунбаевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы кызматына дайындалды.
Полковник Исаков Данияр Учкунбаевич 1992-жылдан бери Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат кылып, бир катар командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.
ӨМҮР БАЯНЫ
Исаков Данияр Учкунбаевич — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы
• Туулган жылы: 1974-жыл, 1-май.
• Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу району, Жаңы-Арык айылы.
Билими:
• 1981–1991-жж. — Калинин айылындагы №70 орто мектеби.
• 2000-ж. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
• 2018-ж. — Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын аяктаган.
2026-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы болуп дайындалды.
• Үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.



