Депутат Бишкектеги көчөлөрдүн суу алдында калышына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Бишкектеги көчөлөрдүн суу алдында калышына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Анын айтымында, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам борбор калаанын тургундары чоң кыйынчылыктарга туш болушкан.
«Шаар тургундары сууга толгон арыктарга кулап жатышты, атүгүл унаалар да түшүп кеткен учурлар болду. Мунун баары курулуштарды сапатсыз долбоорлоодон жана иштердин талапка жооп бербеген аткарылышынан келип чыкты. Автожолдор жана шаар куруу боюнча мыйзамдарда бардык СНиП талаптары жазылганына карабай, долбоордук-сметалык документтер сапатсыз даярдалууда», — деди эл өкүлү.
Ал Министрлер кабинетинен тиешелүү органдарга подрядчы компаниялар жана аларды көзөмөлдөгөн мекемелер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тапшырма берүүнү өтүндү.
Ошондой эле мындан ары жолдорду куруу жана оңдоо иштерин бардык техникалык талаптарга ылайык жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.



