Акыйкатчы Чымкоргон психиатриялык ооруканасында көйгөйлөрдү аныктады

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Чымкоргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага 12-апрель күнү барып, бейтаптардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жана дарылануудагы шарттары менен таанышты.
Кыйноолорду алдын алуу максатында жүргүзүлгөн мониторинг оорукандагы бир топ системдүү көйгөйлөрдү аныктады.

Оорукана толуп, орун жетишсиздигине карабай бейтаптарды кабыл алып, аларды жайгаштырууда санитардык талаптар аткарылбайт.
12-апрель күнү оорукананын 10-бөлүмүндө 353 бейтап бар болчу. Акыйкатчы барган күнү бир бейтап коридордо жаткан. Аялдар бөлүмүндө да бош керебет болбогондуктан 3 аялды жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптардын палатасына жайгаштырышкан.

Оорукананын имараты эскирген абалда жана капиталдык оңдоону талап кылат. Мониторинг учурунда тамак-ашты даярдоодо жана сактоодо дагы кемчиликтер аныкталды.
Текшерүү учурда ашканада кызматкерлер өздөрү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Оңдоо иштери жүрүп жатканына карабай, “Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемологиялык талаптарды” бузуп, тамак-аш даярдашкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Чымкоргондогу Республикалык психиатриялык ооруканасынын соттолгон адамдар мажбурлап дарыланып жаткан бөлүмдөрүндө атайын күзөттүн жоктугу дагы белгилүү болду.

Ооруканада 61 бейтап соттун чечими менен мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн. Алар башка бейтаптардан обочолонуп кармалат. Бирок соттолгондор менен соттук-психиатрилык экспертизадан өтүп жаткандарды кайтарган атайын күзөт жок. Бул милдет медицина кызматкерлерине жүктөлгөн. Бул медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Ооруканада соттолгондорго байланыштуу дагы бир маселе – бейтаптардын мажбурлап дарылоо мөөнөтүн кайра карап чыгуу. Дарыгерлердин айтымында, соттолгондордун мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу же токтотуу иштерине медиктер жооптуу. Алар өздөрү бейтаптарды сотко, кээде алыскы райондорго ташыйт. Мурда соттор өздөрү ооруканага келип, бейтаптын абалын текшерип, мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу же токтотуу боюнча чечим кабыл алышчу.
Мисалы, 2017-жылдан бери соттун чечими менен ооруканада жаткан бейтап — А кызы А.нын стационарда мажбурлап дарылоо мөөнөтү 5 айдан бери узартылган эмес. Бул анын Конституциянын 24-беренесинде көрсөтүлгөн эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктарын бузат.
Дагы бир мисал – оорукана бейтаптын документтерин адашып башка сотко жөнөтүп алгандыктан анын дарылануу боюнча процессуалдык мөөнөттөрү бузулган.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Саламаттыкты сактоо министрлигине укук бузууларды жоюу боюнча сунуштарды жөнөттү. Андан тышкары Министрлер Кабинетине психиатриалык стационарды ЖАМКнын атайын бөлүктөрүнүн кайтаруусуна алуу жана соттолгондордун мажбурлап дарылоо процессин жөнгө салуу үчүн Кылмыш жаза процессуалдык кодексинине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап аналитикалык кат жөнөтүлдү.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институт бейтаптардын укуктары улуттук жана эл аралык нормаларга ылайык толук камсыз болгонго чейин ооруканадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүп турарын белгилейт.
Кошумчалай кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги Акыйкатчы Институтунун мониторингинин жыйынтыгы менен комиссия түзүлгөнүн маалымдады. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.



