Коом

Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштырууга акыркы мүмкүнчүлүк берилди

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк каттоо белгилери бар унааларды легалдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, чет элдик номер менен жүргөн жана азыркыга чейин мыйзамдаштырылбаган унаалардын ээлерине 1-сентябрга чейин акыркы мүмкүнчүлүк берилет.

Аталган мөөнөткө чейин жарандар төмөнкү төрт жолдун бирин тандашы керек:

унааны легалдаштыруу;

Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүү;

тетиктерге бөлүп сатуу;

утилдештирүү (жок кылуу).

Документте легалдаштыруунун кошумча жол-жобосу бир жолку жана акыркы мүмкүнчүлүк экени белгиленген. Ал 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө киргизилип, бирок мамлекеттик каттоодон өтпөй калган унааларга гана тиешелүү болот.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кийин легалдаштырылбаган чет элдик номерлүү унааларды Кыргызстанда пайдаланууга тыюу салынат.

Белгиленген талаптарды аткарбаган транспорт каражаттары соттун чечиминин негизинде айып короолорго киргизилип, кийин утилдештирилиши мүмкүн.

Ошондой эле өкмөт бир ай ичинде кошумча легалдаштыруу тартибин жана унааларды утилдештирүү механизмин иштеп чыгып бекитүүгө тийиш. Мындан тышкары, айып короолордо турган мындай унааларды сактоо тарифи суткасына 50 сом өлчөмүндө белгиленди.

Бийлик бул чаралар чет өлкөлүк номер менен жүргөн унаалардын укуктук макамын тактап, маселени биротоло жөнгө салууга багытталганын билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button