Саясат

Кыргызстан менен Беларусь сооданы 500 млн. долларга жеткирүүнү көздөөдө

Беларусь менен Кыргызстан 2030-жылга чейин өз ара сооданы 500 миллион долларга жеткирүүгө тийиш. Бул тууралууу Беларустун премьер-министри Александр Турчин Бишкекте өткөн кыргыз-беларус бизнес-форумунда билдирди.

Ал эки өлкөнү жалпы тарых, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчөлүк жана экономикаларынын бири-бирин толуктап турган мүнөзү байланыштырарын белгиледи.

«Бүгүн биз эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы саясий ишеним конкреттүү экономикалык көрсөткүчтөргө айланып жаткан маанилүү этапта турабыз. Белгиленген максатка жетүү үчүн стандарттуу эмес чечимдер жана эки өлкөнүн бизнесинин активдүү катышуусу керек», — деди Турчин.

Өкмөт башчы Беларусь Кыргызстанды жөн гана товар сатчу базар эмес, бирге завод-фабрика куруп, өндүрүш кылууга ылайыктуу өнөктөш өлкө катары карай турганын кошумчалады.

Турчиндин айтымында, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары 2027 жана 2030-жылдарга чейинки жол карталарда бекитилген.»Беларус техникасы Кыргызстанда суроо-талапка ээ, бирок бүгүн жөн гана соодадан чыгып, терең кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга өтүү зарыл», — деп белгиледи ал.

Премьер-министр ишкерлерди бири-бири менен түз байланыш түзүп, тажрыйба алмашып, форумду жаңы өнөктөштөрдү таап, биргелешкен иштерди баштоо үчүн колдонууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button