Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү болду

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Сыдыков бул кызматты экономика министринин кызматын айкалыштыруу менен аткарат. Ошондой эле ага үстүбүздөгү жылдын аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилет.
Атайын өкүл санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялап, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле санкциялардын өлкө экономикасына тийгизген таасирин талдап, улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо боюнча сунуштарды даярдайт.
Мындан тышкары, өкүлгө мамлекеттик органдардан маалымат суроо, ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрүү, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөө жана санкциялык саясат боюнча өлкөнүн бирдиктүү позициясын эл аралык деңгээлде билдирүү укугу берилди.



