Бишкекте жылуулук жогорку сапатта бериле баштайт

Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун борборлоштуруудан чыгаруунун алкагында маанилүү реформалар жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдады.
Ага ылайык, жаңы өзгөртүүлөрдө «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы №10, «Энергетик» жана «Куруучу» насостук станцияларын, ошондой эле аталган жайлардан жылуулук алган кардарларды «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүдө.
«Буга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 10-кичи райондо жайгашкан №10 насостук станциясына туташкан турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоо келишимдерин бузуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшыра баштайт. Керектөөчүлөрдү тейлөө кийинки этапта жаңы ишкана тарабынан улантылат»,-деп айтылат маалыматта.



