Коом

Петербургдагы форумда Кыргызстандын инвестициялык кызматташтыгы талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулоого багытталган алдыңкы эл аралык аянтчалардын бири болгон Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2026 (ПЭЭФ-2026) иш-чараларына катышты.

Иш сапардын негизги жыйынтыгы катары «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда кызматташуу жана маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Форумдун алкагында Мээримбек Койчуманов Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынынын бизнес-делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү перспективаларын, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Удмурт Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Улуттук агенттиктин ПЭЭФ-2026га катышуусу Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүдө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Тектеш кабарлар

Back to top button