Коом

Кыргызстанда Кызыл китеп жаңыланат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргелекте Кызыл китепти жаңылоонун үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташуу боюнча документке бүгүн Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын алкагында кол коюшту.

Кызыл китеп — бул жок болуп кетүү коркунучунда турган, саны азайып бараткан же сейрек кездешкен жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн расмий тизмеси камтылган өзгөчө мамлекеттик документ.

Тектеш кабарлар

Back to top button