Окуялар
Ысык-Көлдө сел жүрүп, унаа жолу жабылды

Ысык-Көлдө сел жүрүп, Балыкчы – Каракол унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл районунда саат 21:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун болжол менен 94-чакырымын каптап, 2 унааны агызып кеткен. Жол убактылуу эки тараптуу жабылды.
Жеринде жалпы 73 адам, ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 8 кызматкер жана жолду тазалоого жалпы 24 техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргөндүгү айтылды.



