Окуялар

Сузактагы Төш айылында сел 20 үйдүн короосун каптады

Төш айылында сел жүрүп, 20 турак үйдүн короо-жайын суу каптады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү кечки саат 22:20 чамасында сайлардан жана кокту-колоттордон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн айланасын каптаган. Ошондой эле эки үйдүн кампасына жана дагы төрт үйдүн сарайына суу кирген.

Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Ага куткаруучулар, жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button