Дүйнө

Си Цзиньпин Түндүк Кореяга мамлекеттик сапар менен барат

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 8–9-июнда Түндүк Кореяга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Кытайдын «Синьхуа» агенттиги билдирди.

Бул анын Түндүк Кореяга акыркы алты жылдан ашык убакыттан берки алгачкы сапары болмокчу.Май айынын аягында Түштүк Кореянын «Рёнхап» агенттиги маалыматтуу булактарга таянып, Кытай лидери кийинки жумада Түндүк Кореяга барарын кабарлаган.

Булактын маалыматына ылайык, Си Цзиньпин Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы мамилелерде ортомчу болушу мүмкүн. Үстүбүздөгү жылдын январында Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Кытайга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Си Цзиньпинден корей аралык мамилелерди жөнгө салууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Кытай лидери бул өтүнүчкө оң жооп берген.

Бул сапар Си Цзиньпиндин быйылкы жылы Кытайдан тышкаркы өлкөгө жасаган алгачкы визити болот. Ал өткөн айда Бээжинде Дональд Трамп жана Владимир Путинди кабыл алгандан кийин ишке ашууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button