Коом

1- январдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын «Ынтымак Ордодон» билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт.

«Каржылоону 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул чечим өлкөдөгү бардык мектептердеги айырмачылыктарды азайтууга, үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button