Албаниянын президенти менен биринчи айымына Ысык-Көлдө этномаданий программа көрсөтүлдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатры этномаданий программасы менен таанышты.
Маалыматка ылайык, төкмө акындар эки өлкөнүн президенттерине кыргыз элинин бай музыкалык жана поэтикалык өнөрүн көрсөтүштү.
Ошондой эле конокторго кыргыз элинин маданий-тарыхый мурасын чагылдырган инсталляциялар тартууланып, кол өнөрчүлүк устаканалары, көчмөндөрдүн салттуу жашоо-турмушу жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.
Этномаданий программа салттуу улуттук оюндар жана өнөрлөрдүн көрсөтүлүшү менен жыйынтыкталды. Алардын катарында жаа атуу, каскадёр чабандестердин парады, мүнүшкөрлүк жана байыркы тайган тукумундагы аңчы иттердин мелдештери болду.
Эске салсак, 18-июнда Албания Республикасынын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга алгачкы расмий сапары менен келген. Ошол эле күнү эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, биринчи айымдар Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борбору этномаданий программасына катышкан.



